Акупунктура урбанизм
Жарандардын аракети менен коомдук жайларды түзүү
Шаардык акупунктура анын "оору чекиттери" боюнча иштөө менен шаардык чөйрөдө оң өзгөрүү болуп саналат. Шаарды ири шаар куруу чечимдери жана олуттуу каржылык инвестициялар аркылуу гана эмес, ошондой эле чакан, бирок стратегиялык жактан жайгашкан коомдук мейкиндиктерди көп учурда тургундардын жана бизнес-коомчулуктардын өздөрү чогулткан аз каражаттар менен трансформациялоо аркылуу жакшыртууга болот.

Долбоор SILK командасы жана БААУнун антропология, урбанизм жана эл аралык өнүгүү магистранттары Алтынай Юсупова, Дарья Лопухова жана Элина Сапарова тарабынан Ачык Коом университеттер тармагынын жарым-жартылай колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекбашархитектура» муниципалдык ишканасынын көмөгү менен ишке ашырылууда.

(Башка көптөгөн факторлордун арасында) мекенибизге, шаарыбызга болгон сүйүүбүз алардын гүлдөшүнө биздин жеке салымыбызга жараша өсөт.
№1-ЧЕКИТ
Шаардагы дарыя
Аалы Токомбаев магистралы менен Ала-Арча дарыясынын кесилиши
Бу жердин азыркы абалы
Келечекте бу мейкнидикти кандай көрөбүз
Өз салымыңызды кошуңуз
Долбоорду каржылап же курулушка катышуу менен ишке ашырууга жардам бериңиз
Учурдагы кырдаал
Бу жердин азыркы абалы
Биринчи пунктубуз эки өтө маанилүү жөө жүргүнчүлөр агымынын кесилишинде: Аалы Токомбаев магистралынын бою жана Ала-Арча дарыясынын жээги
Учурда бул мейкиндик ээн, караблагандай көрүнөт. Анын үстүнө Малдыбаев көчөсүн кыйгачтап кесип өтүп, суу жээгине тепкич же пандусу жок чыгуу адамдар үчүн кооптуу сезилет.
Бирок, мейкиндик канчалык начар көрүнбөсүн, ал абдан чоң потенциалга ээ. Андагы борбордук позицияны салкын көлөкө берген шактуу бак ээлейт. Ал эми суу көп агып турган эки арык жагымдуу микроклиматты түзөт. Магистралдын үч метрлик дубалы коргоп тургандай, коопсуздук сезимин жаратат. Дубалда Нельсон Манделанын портрети тартылган граффитиси жана жаңы граффити же мозаика үчүн көп орун бар.

Сунушталган долбоор
Келечекте бу мейкнидикти кандай көрөбүз.
Биз бул кароосуз калган жерде негизги элементтери бар толук кандуу коомдук мейкиндикти түзүүнү сунуштайбыз:
  • Амфитеатр
  • Пандустар
  • Дарактын айланасында отургуч
  • Эксперименталдык отургучтар жана үстөл орнотулган дубалды бойлогон платформа
  • Спорт аянтча
  • Жээк деңгээлинде отургучу бар аянт
  • Катуу жана жумшак материалдарды, ошондой эле мозаиканы колдонуу менен жасалгалоочу таманташ
  • Дубал жасалгасы
"Шаардагы дарыя" - шаарды билдирген геометриялык фигуралар аркылуу агып өткөн көк мозаика

Ишке чейин жана кийин

Мейкиндиктин азыркы турушун жана долбоорго ылайык кандай болоорун салыштырыңыз

Мейкиндик түнкүсүн жарык болот
Долбоорду Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев менен шаарды көрктөндүрүү секторунун башчысы Эйнар Кулбаевге сунуштаганбыз. Биз алардын колдоосуна ээ болдук. Атап айтканда, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгинде коомдук мейкиндиктерди мындан ары түзүүгө кызыктар экенинин билдиришти. Жыйын тууралуу маалымат economist.kg сайтында жарыяланды
БишкекБашАрхитектурадагы жолугушуу
Өз салымыңызды кошуңуз
Долбоорду каржылап же курулушка катышуу менен ишке ашырууга жардам бериңиз
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, бул мейкиндикти түзүү үчүн жумшала турган материалдардын баасы болжолу менен 500 миң сомду түздү. Аталган суммага жумуш акысы кирген жок, 10 пайыздык каралбаган чыгымдар кошо эсептелди.
Сиз эки жол менен жардам бере аласыз
Сделайте материальный вклад
Өз убактыңызды бөлүп бериңиз

Акча которуу

Сиз акча которууну жасай аласыз:
  • SILK жетекчиси Др Эмил Насритдиновдун +996-998-654007 номери аркылуу M-Bank же Элсом капчыгына которуңуз
Же PayPal аркылуу SILKтин негиздөөчүсү Сет Фирриге шилтеме боюнча которуңуз
Курулуш процессине катышыңыз
Биз негизги курулуш иштерин өз күчүбүз менен жүргүзүүнү пландап жатабыз. Сизди да биз менен бирге процесске катышууга чакырабыз. Жумуш башталганда сиз менен байланыш үчүн төмөнкү форманы толтурсаңыз
Иш башталганда сиз менен байланыш үчүн контактыңыз менен бөлүшүңүз. Мүмкүн болсо Вотсап номерин
БИРГЕ ШААРЫБЫЗДЫ ЖАКШЫРТА АЛАБЫЗ
Свяжитесь с нами:

E-mail: silk@auca.kg
Телефон: +996998654007
Социальные сети: Facebook | Instagram
Made on
Tilda